<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Am</key>
<title>Куштардын өз уясы бар РЫЖ212</title>
<lyrics>[V1]
.    Am        Dm
 Куштардын өз уясы бар,
.   E              A
 Түлкүлөрдүн ийни бар.
.  Am              Dm
 Теңир Ыйса Машайактын
.  E7              Am
 Жайы жок баш калкалар.

[C1]
.      Am           Dm
   Жаркыраган сарайында,
.      E           Am
   Жашамак Ал асманда.
.                    Dm
   Жер үстүндө Машайакка
.     E7            Am
   Табылбады баш паана.

[V2]
 Асмандагы ак сарайын
 Таштап келген Ал бизге.
 Айкаш жыгач азаптарын
 Тартыш үчүн бул жерде.

[C2]
   Кызмат кылыш үчүн келди
   Ал ыпылас дүйнөгө.
   Күнөө сазга баткан бизди
   Ээ кылууга өмүргө.

[V3]
 Сен үчүн да азап тарткан,
 Барса экен деп асманга.
 Ал эшигин кенен ачкан,
 Кирсе экен деп сени да.

[C3]
   Сүйүү менен канча жолу
   Тыкылдатты үйүңдү.
   Кенебеген күнөө кулу,
   Тез ачсаңчы жүрөктү.

[V4]
 Кайра-кайра тыкылдатып,
 Мусапырдай камыгып,
 Орун таппай жүрөгүңдөн,
 Ал кетпесин үйүңдөн.

[C4]
   Сен үчүн Ал үйсүз болгон,
   Жаппасаңчы эшигиң.
   Жүрөгүңдөн күнөө толгон
   Тапсын Ыйса ээлигин.</lyrics>
<hymn_number>335</hymn_number>
</song>